Чүйдүн Панфилов районунда 57 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-июнь күнү саат 01:01де Панфилов райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө кыйнап өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Аталган факты Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен каттоого алынган.
Каза тапкан киши Кум-Арык айылынын С.Э. аттуу 57 жаштагы тургуну экени аныкталган. Аны өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы Г.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
«Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, экөө уруша кетип, жаш бала кишинин денесине залал келтирип из жашырып кеткен», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.