Тамашоучу, актёр Кадыр Жарматов жубайы көз жумгандан кийин “жумушка чыкпай коё турбайсыңбы?” деген пикирлер болуп жатканын айтып, аларга Инстаграм баракчасы аркылуу кайрылуу жазган.
“Жарым жыл коё турбайсыңбы”, – дегендер да жок эмес. “Болду эми ишти башта” дегендер да көп. Бүгүн Каныкейимдин өткөнүнө 52 күн болуп куран багыштадым. Артымда 4 балам мени карап турат. Ошолордун келечеги үчүн көп мээнет, көп аракет кылышым керек. Жашоо али алдыда. Машакаттуу күндөр да күтүп турат. Кусалык эми башталат… Кыскасы белди бекем бууп жумушумду баштадым. “Коё тур” дегендер силер менин дасторконума нан салып бербейсиңер! Жашоо биздики. Ар ким өзүнүн жашоосун ойлосун. Кыскасы мен баарыңыздарга жакшылык каалайм. Тойго чакырыңыздар кызматты чын жүрөктөн кылып берем”, – деп жазган ал.