Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев акыркы убакта анын дарегине айтылган сындар каралоо жана курулай жалаа экендигин жазып чыкты. Мындай пикирлер жакында өткөрүлгөн акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациялоого байланыштуу дейт.
«Мен ушул комиссиянын төрагасы катары аттестацияга байланыштуу түрдүү маанидеги маалыматтар коомчулукка тарап жаткандыгына кайдыгер карай албаймын. Аттестациянын өткөрүлүшү боюнча маалыматтардын, айрыкча мыйзам бузуулар болгондугу жөнүндө билдирүүлөрдүн чын же төгүн экендигин билүүгө кызыкдармын. Ошондуктан Мен Мамлекеттик кадр кызматынын кызматчылары тарабынан тестирлөө жана башка аттестациялоо процедураларын өткөрүүдө мыйзам бузуулар орун алдыбы, комиссия мүчөлөрү тарабынан кандайдыр кызыкчылыктарды ишке ашырган фактылар болдубу, ушул маселени изилдеп, аныктап берүүнү өтүнүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге расмий кат менен кайрылдым» -деп жазган.
Акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациялоо Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Өкмөттүн атайын токтому менен бекитилген тартипте өткөрүлгөн.
Аттестацияны өткөрүү үчүн курамына мамлекеттик кызматчылардан тышкары көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ардагерлер, мамлекеттик кызмат жаатындагы эксперттер киргизилген комиссия түзүлүп, жети аймакты кыдырып, жеринде иш алып барган.