7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин токтотуу жөнүндө чечим мыйзамдуу

450

УКМКнын тергөө органы тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иштин кыскартылышы жөнүндөгү чечимине карата коомчулуктагы түрдүү талкууларга байланыштуу КР Башкы прокуратурасы түшүндүрмө берди.

Белгиленгендей, тергөөнүн жүрүшүндө башкы көзөмөл органы “Азаттык Медиа” мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөнүн материалдарында көрсөтүлгөн, анын ичинде Р.Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын ар кандай мүлккө жана активдерге ээ экендиги тууралуу бардык жүйөлөрүн толук текшерүү керектиги тууралуу көрсөтмөлөрдү берген.

Ишти тергөөдө “Азаттык Медиа” мекемесинин материалдарында белгиленген өлкөлөрдүн, анын ичинде Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн.

Ушул жылдын апрель айында өнөктөш өлкөлөрдөн, анын ичинде Дубай Эмиратынан УКМК тарабынан расмий документтер алынган. Берилген маалыматтарга ылайык, аталган өлкөлөрдө Р.Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр катталган эмес.

Такталган жагдайларга таянып, кылмыш иши КР Жазык-процессуалдык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык кимдир бирөөнүн кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде өндүрүштөн кыскартылган.

Жазык-процессуалдык кодексинин 248-беренесинде кылмыш иши тергөөчү тарабынан жогорудагы негиз менен кыскартылган учурда, ушул эле кодекстин 118-беренесине ылайык бөгөт коюу чарасы токтоосуз түрдө жокко чыгарылууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.

2021-жылдын 15-апрелинде мыйзамдын жогорудагы нормаларына ылайык, Р.Матраимовго карата кылмыш иши УКМКнын тергөө органы тарабынан кыскартылып, ага карата бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылган.

Кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу КР Башкы прокуратурасы тарабынан текшерилди, аны бузууга негиз жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

451