7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыяс Молдокасымов: Кыргыздар «уу коргошунду» баатырларга берип денесин ууга көндүргөн

1864

Уу коргошунду кыргыздар ар дайым колдонуп келген. Баатырлары менен балбандарга жаш кезинен уу коргошун берип денесин ууга көндүргөн учурлар да болгон. Мындай пикирин, тарых илимдеринин кондидаты Кыяс Молдокасымов өздүк баракчасына жазып чыкты.

«Балбай баатырга энеси уу коргошун берип көндүргөнү эл оозунда айтылып келет. Ар кандай ооруларга колдонулган.
Ковидке уу коргошун дабаа экенин өз башынан өткөргөн Президент айтып чыгып, айрым медмекемелер колдоно баштаганы уу-дуу талкууну жаратты. Балким чын эле жардам берээр, эми аны мезгил көргөзөт.
Ошол эле учурда уу коргошунду колдонууда өтө этият болууга чакыраар элем. Туура эмес, эрежесин сактабай ичүү адамдын ууланышына, өлүмүнө себепчи болот. Ал гана эмес уу коргошун кайнатылган идишти өзүнчө коюп, аны колдонгон да болбойт. Колдонсо ажалга түртөт.
Элдик табып Дүйшөнбек Чомо уулу бир тууган эжем рак илдетинен чалдыкканда үйгө келип уу коргошунду өзү кайнатып, идишин өзүнчө коюп, колдонбогула деп бизге катуу эскертип да жүрдү. Дарылоо тартибин катуу сактаган. Ошондон улам уу коргошундун коркунучун жакшы билем. КГНУда бир философ профессор агайыбыз туура эмес ичип алып каза болгонуна да күбө болгонбуз. Андыктан ичээрдин алдын этият болуп, эрежесин так сактагыла демекчимин!»-дейт тарыхчы Молдокасымов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1865