Бишкекте коомдук унаалардагы санитардык эрежелер күчөтүлүп, жүргүнчүлөрдүн бет кап тагынуусу тыкыр текшерилет. Маскасы жок жүргүнчүлөр айдоочулардан 2 сомдон сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда санитардык текшерүүлөр күн сайын жүргүзүлүп турат. Ар бир каттамдын аягында тарнспорт тазаланып, жуулат.