7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акматалиев: Кытайда 10 күн визасыз жүрүү — кыргыз дипломатиясынын ийгилиги деп бааласак болот!

10

Кыргызстандыктар үчүн Кытайга барып-келүү кыйла жеңилдеди десек болот! Мындай пикирин саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Фейсбук баракчасына жазды.

«Кыргыз жарандары Кытайга визасы жок барганга мүмкүнчүлүк алышты! Бул жаңылыкты кандай бааласак болот?

Менимче, бул абдан сонун кабар! Кытай өз мамлекетине «визасыз режимди» киргизүүгө өтө этият саясат жүргүзүп келет.

  1. Кыргыз жарандары транзиттик визасыз режимди 10 күнгө алып жатышат. Башкача айтканда, мисалы, Бишкектен Пекинге учуп, визасыз эле ал жерде 10 күн жүрүп, кайра Алматы аркылуу келсеңиз болот.
  2. Хайнань аралында визасыз 30 күн жүрсөңүз болот. Бирок Хайнандан Кытайдын башка жерлерине бара албайсыз. Тек гана Хайнань аралында!
  3. Эң негизгиси: Кытай бул кадамга өз ыктыяры менен, бир тараптуу барып жатат. Башкача айтканда, жеке Кытай жарандары Кыргызстанга келиш үчүн сөзсүз виза алышы керек болот.
  4. Азыр Кытай киргизип жаткан «визасыз» режимге буга чейин дүйнөнүн 55 гана мамлекети ээ болуп келген, алар негизинен бай мамлекеттер: Европа мамлекеттери, Канада, АКШ сыяктуу… Эми Кыргызстан ошолордун катарына кирди десек болот.
  5. Кытай биздин коңшуларыбыз Казакстан жана Өзбекстан менен 30 күндүк визасыз режим түзгөн. Бирок ал режим эки тараптуу! Казак жана өзбек жарандары визасыз 30 күнгө Кытайга кире алышат, ошол эле маалда кытайлыктар да аларга визасыз кире алышат. Биздин режим болсо — бир тараптуу! Кытайлыктар Кыргызстанга келиш үчүн сөзсүз виза алышы керек болот.
  6. Дагы бир жагдай: бүгүнкү күндө кытайлык туристтер (уюшкан топтор, ар бир топто 5 кишиден кем эмес, 25 кишиден ашпашы керек) Кыргызстанга 21 күндөн ашпаган мөөнөткө визасыз кире алышат! Бирок ал топтун так маршруту болушу керек жана кайра Кытайга чыгып кетчү так датасы белгиленген болушу керек.

Ошентип, Кыргызстандыктар үчүн Кытайга барып-келүү (бизнес, эс алуу, дарылануу ж.б.) кыйла жеңилдеди десек болот! 10 күн Кытайда визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгүнө жетишүү — бул кыргыз дипломатиясынын дагы бир ийгилиги деп бааласак болот! Эми кытайлыктар «ыйлабаса» болду: кыргыздар каптап кетти деп», —  деди Акматалиев.

 

 

 

11