7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Акыркы 5,5 жылда бажы төлөмдөрү рекорддук деңгээлде өстү

3

Акыркы 5 жарым жылда бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү өстү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Бажы кызматындагы кызыктуу маалымат менен бөлүшө кетейин. Тармактан, 1991-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик бюджетке жалпы 452,7 млрд сом бажы төлөмдөрү түшкөн. Ал эми 2021-жылдан 2026-жылдын жети айына чейинки аралыкта бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 619,1 млрд сом түштү. Башкача айтканда, акыркы 5 жарым жылда бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү ага чейинки 30 жылдагы жалпы көрсөткүчтөн ашты. Кыргыз Республикасы 2015-жылы ЕАЭБге киргенден кийин Бажы кызматы 18 млрд сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрүн администрациялоону токтоткон. Анткени Россия, Казакстан, Армения жана Беларусиядан импорттолгон товарларды көзөмөлдөө жана тиешелүү төлөмдөрдү администрациялоо функциясы Салык кызматына өткөн”,- деп жазды Орунбеков.

4