Философия илимдеринин доктору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев кечээки жана бүгүнкү окуялар боюнча соц.тармактагы баракчасына пикирин билдирди.
«Кечээ 24.kg сайтынын башкы редактору менен журналисттерин УКМК сурака алып кетип, кайра коё берди. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда “Согушту пропагандалоо” деген берене менен кылмыш иши козголуптур. Оор берене. Анын үстүнө, өлкөбүздүн жетекчилиги геосаясий жагын, геоэкономикалык кесепеттерин да эске алуу менен бул согушта биз нейтралитетти сактайбыз деп жаткан учурда кайсыл бир тарапка биздин ЖМКлардын жан тартып коюусу же согушка үндөшү опурталдуу. Башкысы, сурактан соң сайт жетекчиси менен журналисттери коё берилди. Калганын тергөө көрсөтөөр.
Бүгүн болсо Темировлайв ютуб каналында иштеп кеткен журналисттерди милиция кармап кетиптир. Бул канал бийликтегилерди сындап келгенин көрүп калчумун. Акыркы убакта чынында кайсыл бир чоң иликтөө, журналисттер өздөрү айтмакчы “бомба” материалды деле көрө алган эмес элем.
Балким дал ушул “бомба” материал даярдайбыз деп атып мыйзамдардын чегинен чыгып кетишпедиби деген да ой келет. Болбосо милиция бир учурда он чакты адамды жөн эле кармап кете албайт эле…. Орусча айтканда “основание” керек.
Эми бул учурда дагы тергөөнүн ишинин жыйынтыгын күтүүгө туура келет. Чындыгында, баарыбыз эле соцтармактын өнүгүшү менен каалаган нерсебизди жазып, айтып калдык. Ошол эле учурда, кандай сөздөр же аракеттерге кандай жоопкерчилик каралганын да эстен чыгарбоо зарыл деп эсептейм. “Мыйзамды билбегениң жоопкерчиликтен бошотпойт” дегенди да эске ала жүрөлү. Укук менен жоопкерчилик бул юриспруденцияда «эгиз балдардай» кош жүргөн нерселер. Укукту чектебеш керек, албетте. Бирок, ошол укукту кимдир бирөө жоопкерчилигин сезе билүү менен колдонсо. Жаңы өнүгүп келаткан Кыргызстан үчүн бул укуктук формула өтө маанилүү. Өзгөчө, бүгүнкүдөй санариптешкен, ачык коом куруп аткан учурда…»,- деди Акматалиев.