7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксакалдар соту: Кызды зордуктаган шектүүнүн үй-бүлөсү 3 күндүн ичинде көчүп кетет

3668

Бүгүн, 7-декабрда Сокулук районунун Исмаил айылында 16 жаштагы кызды зордуктаган жаранга карата Аксакалдар сотунун чечими чыкты. Анда айыл тургундары жана кыздын ата-энеси шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан чыгып кетүүнү талап кылышкан.

Кеңешмеде  айыл тургундары өздөрүнүн ойлорун дагы билдиршти.

«Мурда дагы ушундай окуя болуп, жолдон келе жатып бул баланы алып калгам. Менин дагы кызым бар ал дагы окууга эртең менен кетет. Ошон үчүн бул айылдан кетсин. Эки күн убакыт беребиз. Айыл тургундары аксакалды угуп тынчып турушат. Болбосо кечээ эле көчүрүп жиберишмек»,-деди кошунасы Самат Бейшекеев.

Ал эми  айыл тургуну Жакыбалиев Айылчы «Буларды үй бүлөсү менен көчүрүш керек. Бычагын кармап алып мага да келген. Баарыбызда бала бар, биринчи жолу болгон жок мындай окуя үчүнчү жолу болуп жатат»,-деп кеңешмеде билдирди.

Ошондой эле шектүүнүн үй-бүлөсү элдин бетин карай албай жатканын жана айылдан чыгып кетээрин билдирген.

Белгилей кетсек, окуя 5-декабрда болгон. Шектүү 16 жаштагы кызды сабап, зордуктаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3669