7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШ 2034-жылы боло турган «Үчүнчү дүйнөлүк согуштун» сценарийин түздү

9433

Америкалык отставкадагы адмирал Жеймс Ставридис (согуштук деңиз флотунда эң жогорку наам. Ред) менен жазуучу Эллиот Акерман “2034: Келе жаткан дүйнөлүк согуш жөнүндө роман” китебинде Алдыңкы 10 жылдыктагы масштабдуу дүйнөлүк кармашуу жөнүндө жана согуш кандай багытта болорун ачык жазышкан.

Авторлордун божомолунда, бул согуш буга чейинки болгон эки согушка окшошпойт.

“Эгер сиз алдыдагы согушта Америка Кошмо Штаттары мурдагыдай эле тизилген кемелерин, учактарын жана танкаларын алдыга коюп, жеңишти багындырат деп ишенсеңиз, анда АКШ жөн гана көз арткан абалда кала берет”, — дешет алар.

Алардын пикиринде, кармаш 2034-жылы Түштүк Кытай деңизинде АКШ менен Кытайдын кагылышуусунан башталат. Бул, китептин Amazonго жарыяланган анонсунда белгиленгендей, «өтө кооптуу глобалдык чыр-чатакка» жол ачат.

Ставридис менен Аккермандын согуш тааласын алдын-ала божомолдогондой, пилотсуз учактар ​​жана автономдуу пилотсуз аскер техникалары басымдуулук кылат. Ошондой эле, алар түздөн-түз аскердик аракеттер душман системаларына хакерлердин ири масштабдуу чабуулдары менен коштолот деп эсептешет.

Ал эми китепте  келечекте армиядагы адамдар азыркыга караганда азыраак болот деп айтылган. Ошондой эле, Америка Кошмо Штаттарына элиталык атайын күчтөрдүн чакан топторун, алдыңкы биотехнологияларга негизделген комплекстер менен интеграциялап окутуу сунушталды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9434