7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШда бир жуманын ичинде 430 жаран ок атышуудан каза болду

826

АКШда өткөн жума ичинде түрдүү атышуулардан 430 жаран окко учуп каза болгон. Бул тууралуу жекшемби күнү ABC телеканалы, «Gun Violence Archive» аналитикалык иликтөөчү уюмуна таянып айтып чыкты.

17-июлдан 23-июлга чейин өлкө ичинде жалпысынан  ок атышуу менен коштолгон 915 учур атталган. Анын кесепетинен 1007 жаран жаракат алып, 430 жаран көз  жумган. Телеканалдын жамааты бул көрсөткүч, өлкө ичинде ок атышуу күч алып жаткандыгынан кабар берээрин кулак кагыш кылат.

«Gun Violence Archive» уюму 2020-жылы октон жаракат алып каза болгондордун саны 43 миңден ашкандыгын кошумчалаган.  Быйыл, 2021-жылдын ушул учуруна чейин окко учкандар 24 миңден ашкан. Эксперттер, абал ушул бойдон уланса, жыл аягына чейин окко учкандар былтыркыдан да көп болушу мүмкүн дейт.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

827