Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы коомчулукка кайрылып, маркумдун өздүгүн аныктоого жардам сурайт.
Маркумдун жансыз денеси үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспектисинен табылган. Ошол күндөн ушул учурга чейин маркумду издегендер болгон эмес, жанында өздүгүн аныктоого жардам берчүү буюмдары болбогондуктан ким экендигин билүү мүмкүн болбой келген.
Болжолдуу 30-35 жаштар чамасындагы эркек киши, бою 165-170 смга барабар. Кара куртка, күрөң кофта, көк джынсы, боз наски жана кара ботинкачан.
Денесине кароо жүргүзгөн учурда, ур-токмоктун белгиси байкалган эмес.
Милиция 24-июль маркумдун сүрөтүн жарыялап, коомчулуктан таанууга жардам сурады.
Байланыш номурлар: 0 (705) 180-813, 0 (222) 810-000, 0 (552) 102-125 и 102.