7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Дженгонун жансакчысы кармалды. Ал бычак менен коркутуп 1 600 долларды тартып алган

1624

Ош шаарынан, белгил кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Дженго) айдоочу-жансакчысы кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы бүгүн, 26-июлда кабарлады.

26 жаштагы жансакчы башка шериктери менен бирге 10-июль күнү Куршабдагы кафелердин биринин жанынан жергиликтүү тургунга бычак такап коркутуп, барсеткасын, ичиндеги 1 600 доллар жана 48 миң сому менен алып кеткен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 266 берене ( бейбаштык) боюнча иш козголгон.

ИИМдин аймактар аралык криминал менен күрөшүү кызматы 23-июль күнү, Ош шаарынан 1995-жылы туулган М. А.ны кармаган. Маалыматка ылайык кармалган жансакчы, айдоочу М.А. да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде бар болгон.

Кармалган М.А. учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1625