7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШ «Бурана» мунарасын изилдеп, оңдоп-түзөтүүгө 200 миң доллар бермек болду

513

Кечээ, 24-сентябрда, Токмок шаарында «Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо» долбоорунун ачылыш аземи өттү.

“Долбоордун максаты — Бурана мунарасын коргоо, сактоо жана маданий мурас тууралуу билимди кеңейтүү.  Ал «Музей демилгелери борбору» коомдук уюму тарабынан ишке ашырылып, АКШ элчилигинин “Элчилердин маданий баалуулуктарды сактоо” фонду тарабынан каржыланат.

АКШ «Барана» мунарасын оңдоп-түзөтүүгө 200 миң доллар бермек болгон.

«Аткарыла турган иш-чараларды үч топко бөлгөнбүз: биринчи, ар кайсы тармактагы эл аралык адистер тарабынан илимий изилдөө жүргүзүлүп, алгач кайсы жерин оңдоого муктаж экендиги тууралуу анализ жасалат. Бурананын үстүнө чыксаңыздар, андагы бышкан кыштар сынып жатканын көрөсүздөр. Аны кантип оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керектигин адистер карап чыгат. Мунаранын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирилип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдары корголот.  Экинчи, малдардын кирип кетишин алдын алуу үчүн мунаранын тегерегин курчаш керек. Үчүнчү, долбоордун алкагында тарыхый жайдын айланасындагы жети айылда илимий иш-чаралар өткөрүлөт”, — деп айтат коомдук уюмдун директору.

Эскерте кетсек, “Бурана мунарасы” музей-комплекси 2014-жылы ЮНЕСКОнун материалдык маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Бөлүнгөн каражат жетиштүү эмес. Бул биринчи этап деп түшүнүшүбүз керек. Бирок, азыркы эң негизги максат — илимий изилдөө. Анткени 1980-жылдан бери изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Балким башка дагы донорлор чыгат. Белгилей кетсем, долбоор ушул жылдын октябрь айынан баштап ишке кирет”, — деп сөзүн жыйынтыктады Турдалиева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514