4-октябрдан 16-октябрга чейин Москва шаарындагы консулдук бөлүмдө Россия Федерациясындагы кыргыз жарандарын паспорттоштуруу өнөктүгү жүргүзүлөт. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Москвадагы элчиликке Кыргызстандан атайын адистер барат. Паспортун алуу / алмаштыруу маселеси боюнча жарандарды кабыл алуу жуманын жети күнү, күн сайын саат 09.00дөн 21.00гө чейин жүргүзүлөт.
Кабыл алуу онлайн каттоо менен жүргүзүлөт. Ал үчүн msk.pasport.kg@mail.ru электрондук дарегине бир билдирүү жөнөтүү керек: Билдирүүнүн жообунда сизди кайсы күнү, канчада кабыл алынаары жазылат.
Элчилик алдын ала жазылууну, ошондой эле паспорт алуу / алмаштыруу үчүн керектүү документтерди даярдоону суранат.
- — Аты, атасынын аты;
- -туулган күнү (күнү, айы, жылы);
- — байланыш телефону (80000000000);
- -жайгашкан жери (шаар);
- -кайрылуунун себеби (паспортту биринчи жолу каттатуу, жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшү, бузулуу, жоготуу ж.б.)
Кененирээк, элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн расмий баракчасынан «kg.consul.ru», социалдык тармактарынан (Facebook, Instagram) же WhatsApp мессенджеринде (+ 7-925-115 -50-47) консулдук бөлүмдүн «өзүн-өзү тейлөө менюсу» аркылуу табууга болот..