Бүгүн, 24-сентябрга карата коронавирустан 2 бейтап каза болуп, 79 адамдан жаңы учур табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
- Бишкек шаарында – 41,
- Чүй облусунда – 21,
- Ош облусунда — 1,
- Талас облусунда – 1,
- Ысык-Көл облусунда – 12,
- Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 508 бейтап, амбулатордук түрдө 853 адам дарыланууда. Ал эми бир суткада 107 адам илдеттен сакайып чыккан.
Ошондой эле сутка ичинде COVID-19 инфекциясына каршы 12 миң 82 адам эмдөөдөн өттү.
Өлкө боюнча жалпы 798 миң 869 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 594 миң 261 жаран экинчи компоненти менен эмделди.