7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мүлк фонду Караван соода борборунун бир бөлүгүн Нариман Тулеевге кайтарып берди

901

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Караван» соода борборунун бир бөлүгүнүн Нариман Түлеевге кайтарылып берилиши боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыма болгондой Түлеев Ленин райондук сотуна 2013-жылдагы соода борборун мамлекеттин карамагына алуу боюнча чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. 17-сентябрда сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Ага байланыштуу Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызматы Мамлекеттик мүлк фондуна кайрылып, «Караван» соода борборун 10 күндүн ичинде «Ташболот Холдинг» ЖЧКсынын менчигине кайтарып берүү керектигин билдирген.

Мындан улам Мамлекеттик мүлк фонду соода борборунун ылдыйкы кабат (790,3 чарчы метр) жана биринчи кабатынын (1600,3 чарчы метр) бир бөлүгүн Нариман Түлеевге картайып берген.

Ошол эле учурда Нариман Түлеев Мамлекеттик ипотекалык компанияга өз ыктыяры менен Бишкектен 11 батирди өткөрүп берген. Ал батирлер «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында батир ала турган жарандарга берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

902