7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШда кичи учак трассага кулап, 2 адам көз жумду

265

АКШнын Массачусетс штатынын Дартмут шаарында Нью-Бедфорд аймактык аэропортунан учуп чыгып, Висконсин штатындагы Кеноша шаарына багыт алган кичи учак трассага кулап, эки адам каза болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 195-маршруттагы унаа жолунда болгон. Жерге кулаган бир кыймылдаткычтуу Socata TBM-700 үлгүсүндөгү учак күйүп кеткен.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, учак эртең мененки саат 08:15 чамасында трассанын ортоңку бөлүгүнө кулап түшкөн. Учактын айрым бөлүктөрү жакынкы токойдон табылган.

Учурда авиакырсыктын себептери боюнча Улуттук транспорт коопсуздугу кеңеши иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

266