7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШда Кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болду

599

АКШнын Иллинойс штатында Кыргызстандын жараны жана алардын жашы жете элек баласынын өлүмү тууралуу ЖМКда жарыяланган маалыматка байланыштуу Министрлик төмөндөгүлөрдү билдирет.

Бардык жагдайларды тактоо үчүн КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу АКШнын укук коргоо органдарына ыкчам түрдө кайрылды. АКШнын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары: 1980-жылы туулган М.А., анын 1977-жылы туулган жубайы А.Б. жана алардын 2019-жылы туулган уулу М.А.нын жансыз денелери табылган.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат жана тергөөнүн купуялуулук принциби үчүн окуянын чоо-жайы айтыла элек.

КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маалымат түшкөн учурдан тартып укук коргоо органдары жана каза болгондордун туугандары менен туруктуу байланышта. Ошол эле учурда сөөктөрдү мекенине жеткирүүгө байланыштуу бардык маселелер иштелип чыгууда.

Бул иш Тышкы иштер министрлигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун өзгөчө көзөмөлүндө.

 

600