7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксы районунда заманбап мектеп курулууда

145

Жалал-Абад облусунда заманбап жаңы мектеп салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы районуна караштуу Жылгын айылында заманбап М.Барпиев мектеби курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин тендердик баасы 80 миллион сомду түзөт.

Жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпустан турат. Курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылып, имаратта негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстар каралат. Азыркы тапта имараттын экинчи кабатын тургузуу иштери аткарылууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө пайдалануудагы мектеп 2012-жылы жеңил конструкциядан 12 жылга курулган. Учурда 368 окуучу билим алууда.

146