7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын мэриясынын автогаражы таанылгыс болуп өзгөрдү (ВИДЕО)

248

Бүгүн, 21-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын автогаражы таанылгыс болуп өзгөрдү. Бул тууралуу маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, капиталдык ремонттон өткөрүлгөн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогараждын ачылышы болуп, ишке берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев катышты.

Кезинде мэр Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу менен келген учурда каралбай, таланып тонолгон, союз кезинде курулган бойдон оңдолбогон обьектти көргөн. Ичинде жана сыртында жеке устаканалар иштеп, гаражда эски унаалар таштандылар менен аралашып жатканына күбө болгон.

Мындан улам облустун балансындагы бул автогаражды мэрдин демилгеси менен Ош шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлдү. Андан соң дароо оңдоп-түзөө иштери башталып, кароосуз калган автогараж толугу менен жаңыланды.

249