7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызстан Аэропортторунун» башчысы Кытайдын ZTO компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

271

ZTO компаниясынын делегациясы “Кыргызстан Аэропортторуна” расмий сапар менен келди.

Жолугушууда “Манас” аэропортунда заманбап бонд зонасын түзүү жана интеллектуалдык логистикалык технологияларды киргизүү боюнча конкреттүү кадамдар талкууланды.

ZTO өкүлдөрү техникалык сунуштарын берип, долбоордун үстүндө Кыргызстанда түздөн-түз иштөөгө даяр экенин тастыкташты.

Бул долбоор «Манас» аэропортунун жүк инфраструктурасын жаңы деңгээлге чыгарып, регионалдык соода, электрондук коммерция жана логистика тармагынын өсүшүнө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

“Бул визит Кытайга болгон иш сапарында башталган кызматташтыктын практикалык баскычка өткөнүнүн айкын белгиси”,-деп билдиришти аэропорттон.

272