7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда «Балтыркан — 2025» эл аралык туристтик фестивалы өттү

341

Аксы районунун Балтыркан жайлоосунда «Балтыркан — 2025» I эл аралык туристтик фестивалы өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, район акими Максатбек Саргазаков, облус аймактарынан жана коңшу Өзбекстадан келген меймандар жана район тургундары катышты.

«Балтыркан — 2025» эл аралык туристтик фестивалынын уюштуруунун максаты — туристтерди тейлөө сапатын, маданиятын жогорулатуу, жергиликтүү тургундардын киреше бөлүгүн арттыруу жана райондогу табияты кооз аймактарды даңазалоо болуп саналаары айтылды.

Туристтик фестивалдын жүрүшүндө улуттук тамак-аш, Аксы районунда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана улуттук оюн түрлөрү өткөрүлдү.

342