7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда дыйкандар үчүн жаңы соода-логистикалык борбор ачылды

145

Аксы районунун Кожо-Ата айылында айыл чарба продукцияларын сактоого ылайыкташкан соода-логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

«Бакча» айыл чарба кооперативине караштуу бул борбор мөмө-жемиштерди сактоого ылайыкташып, жылына 300 тоннага чейин продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова ачылышка катышып, соода-логистикалык борборлордун аймактардагы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.

«Бул борбордун ишке киргизилиши жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөр үчүн продукцияны сактоо, сорттоо, таңгактоо жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Мындай долбоорлордун ар бири айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган маанилүү кадам», — деди Акимжанова.

Ошондой эле иш чарага Аксы райондук администрациясынын, айыл өкмөттөрдүн жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

146