7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адамга арабалар тапшырылды

680

Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адамга майып арабалар тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай иш-чара, жыл сайын айыл аймактагы аз камыз болгон үй-бүлөлөр жана майыптуулугу бар жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн өткөрүлүп келет.

“Үч-Коргон айыл өкмөтү быйылкы жылы аярлуу катмардагы 15 кишиге майып араба алып берүүнү пландап, эл аралык уюмдарга кайрылышкан. Жазылган долбоор колдоого алынып, 10 атайын көп функцияналдуу араба алып беришти. Айыл аймактагы түзүлгѳн атайын комиссия тарабынан карап чыгып, арабага муктаж болгон 10 киши тандалып, тапшырылды. Үч-Коргон айыл аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы 193 жаран бар. Алардын ичинен 92 адам 18 жашка чейинкилер”,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

681