Чүй каналында денеси бөлүнүп, жиликтенген аялдын өлүмүнүн бети ачылып, шектүү катары өзүнүн күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ООИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 14-октябрында Сокулук районунун аймагында жайгашкан Чоң Чүй каналынын суусунан зомбулуктан каза болгон адамдын сөөктөрү дене бөлүктөрү жарымы табылса, жарымы Бишкек шаарынын жогору жагындагы суудан дене бөлүктөрү табылган.
Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Сокулук РИИБнин тергөө кызматында сөөктүн табылганы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Сокулук районунан жана Бишкек шаарынан табылган дене мүчөлөрү бир аялга таандык экени аныкталып, бирок жансыз дененин бузула баштаганына байланыштуу өздүгү белгисиз бойдон калган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында өлтүрүлгөн аялдын өздүгү такталып, жаран Х.М. 1974-жылы туулган, Аламүдүн районунун Пригородное айылынын тургуну экени аныкталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган аялды өлтүрүүгө шектелип күйөөсү 1968-жылы туулган А.И. катыштыгы бар экени аныкталган. Ал кылмыш жасагандан кийин Россия Федерациясына кеткен, ага байланыштуу издөөгө жарыяланган.
25-ноябрда Россиянын Ханты-Мансийск шаарында издөөдө жүргөн шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда шектүүнү экстрадициялоо маселеси каралып, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.