Ар бир кесип ардактуу, ошондой эле анын артында түмөн түйшүгү болот эмеспи. Милиция кызматкери болуу тактыкты жана жоопкерчиликти талап кылган кесиптердин бири. Аталган кесипти аркалап келген Ош ШИИБнин Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Адылбек Анарбаев кызмат учурундагы кызыктуу окуялары менен бөлүшүп кетти.
«Ош шаарында жайгашкан “Глобус” соода борборунан бир жаран 45 күн бою уурулук кылып, акыркы күнү имараттын жеке күзөтчүсүнүн колуна түшүп калат. Ал жигиттин ишин тергеш менин мойнума жүктөлдү. Колго түшкөн жаран 45 күн бою ошончо чоң дүкөндөн акча же андан да баалуу буюмдарды эмес, сыр, быштак жана консерва гана уурдаган. Териштирүү иштердин натыйжасында ал жарандын апасы рак менен оруп, дарыгерлер тамак-ашына чектөө коюп, дал ошол бала уурдап келген сыр, консерва жана быштак менен гана азыктануусун сунуштаган. Иштейин десе апасын караганга киши жок, алайын десе акчасы жок, айласыздан ал жаран уурулукка барып жүргөн. Сүйлөшүп олтурган учурда, “Апам бул жашоодо акыркы мүнөттөрүн жашап жатат. Ага иштеп, акча таап, алып келип жатам деп айткан элем. Сизден суранаарым бул окуяны ага айтпай эле коюңузчу. Укса капа болот”-деген сөзү жүрөгүмдү оорутту. Уурулук жолу менен болсо да апасына кам көргөнү үчүн мен ал жигитти сыйлайм. Ошондой кырдаалга кабылсам, ойлонбостон мен да ошол ишке бараар элем. Ал жарандын ишин жакшылап тергеп, уурулукка айласыздан баргандыгын далилдеп, жеңилдетүү жагдайы менен ишин прокуратурага өткөрүп бергем. Кийин, “Келтирилген чыгымды төлөп берсин”-деген соттун чечими менен бошотулганын угуп кубандым. Биздин жумушта кээде ушундай мыйзам менен абийир сотунун ортосунда калып калган учурлар болот. Бирок, ошондой учурда да колдон келишинче туура жолду, туура багытты тапканга ар дайым аракет жасайм»,-дейт милиция кызматкери Адылбек Анарбаев.