Ысык-Көл облусунун Түп районунун 44 жаштагы тургуну Гүлмира (аты-жөнү өзгөрүлдү) мектепте билим алып жаткан эки кызынан баш тарты. Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү укук коргоо органдардын катышуусунда штаб өткөрүп, энелик укуктан ажыратуу боюнча райондук сотко сунуш беришти.
Жергиликтүүлөрдүн маалыматына ылайык, өспүрүм кыздар мектепте жакшы окушчу. Ал эми апасы кыздар үйдөн бир нече жолу качып, баш ийбегенине байланыштуу баш тартканын билдирген.
“Гүлмира айым өзү жалгыз бой эне катары кыздарын тарбиялап келген. Ал эч кандай ичкилик ичпейт. Анын бул кадамынын себеби, кыздары бул учурга чейин үйүнөн бир нече ирет качышыптыр. Чоңойсо баш бербей турганын айтып, бул кадамга барганын айткан. Азыркы тапта энелик укуктан ажыратуу боюнча соттун чечими чыга элек”,- деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, кыздар 11-12 жаштарда.
Булак: Турмуш басылмасы