7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда “Тазалык” кызматкерлери муниципалдык менчикти жеке баюу максатында пайдаланышкан

389

2023-жылы Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктары үчүн муниципалдык атайын техниканы колдонуу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймагында жеке коммерциялык уюмдардын заказы боюнча артезин скважиналарын бургулоо боюнча кызматтарды көрсөткөндүгүн аныктады.

Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери 8 млн. сомдон ашык суммада акы алышкан.

Белгилей кетсек, оор жүк ташуучу «УРАЛ-4320» маркасындагы автомашинанын базасында атайын бургулоочу техника Кош-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылдын декабрь айында скважиналарды бургулоо жана жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн 22 млн.сомго сатылып алынган.

2024-жылдын 17-августунда Кош-Дөбөн айыл өкмөтүнүн “Тазалык” МИнин башчысы А.З.Б. жана анын айдоочу-механик Т.С.А. аттуу жаран  УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

390