Таластагы ат майдандын айнектерин балдар сындырып кетишти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
19-августта Талас облустук ат майдандын жетекчиси Рафаэл Шайдылдаев «Фейсбуктагы» баракчасында белгисиз адамдар ат майдандын айнектерин сындырып кеткенин айтып чыккан.
Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Анын жыйынтыгында ат майдандын айнектерин 10 жаштагы эки бала ойноп сындырып койгондугу аныкталган. Эми балдардын ата-энелери келтирилген чыгымды төлөп бермей болду.