Мектептер 10 баллдык баалоого өтпөйт.
Билим берүү министрлиги тарабынан сунушталып, Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган “Алтын казык” мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында окутуунун 12 жылдык компонентине өтүүдө 5 баллдык система сакталат. Бул программада 10 баллдык система жок.
Министрлик КАОнун сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана билим берүү жана илим министрлигинин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилейт.