7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери 99 жашында дүйнө салды

239

Ош шаарындагы  Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошев мезгилсиз дүйнө салды.

Улуу Ата Мекендик согуштун 2-топтогу майыбы Жолдошов Касымбай 1925-жылдын 25-июнунда Ноокат районунун Шанкол айылында туулган.

1943-жылдын 18-январында Ноокат райондук аскер комиссариаты тарабынан согуш майданына чакырылып, 154 аткычтар полкунда 2 жыл кызмат өтөп, 1950-жылдын май айына чейин 8 жыл Мекенге кызмат өтөгөн.

Анын ичинде 1945-жылдын 9-августунда Япондук самурайларга каршы согушта орудияга командир болуп дайындалып, 3-сентябрга чейин Япон согушуна катышкан. Андан кийин Кытайдын Манчжурия провинциясын бошотууда Харбин шаарына чейин согуштун аягына чейин катышкан.

Союзга кайткандан кийин беш жыл Нижний-Уденск шаарында кызмат өтөп, 1950-жылдын 10-апрелинде Советтик Армиянын катарынан бошотулуп, мекени Ноокат районуна кайткан.

Айылына кайткандан кийин согуш мезгилинде талкаланган чарбаны калыбына келтирүүгө зор салымын кошуп, колхоздо башкы учетчик, кассир, мал ферма башчысы, курулушта бригадир, мака-силос бригадири болуп 35 жыл кызмат кылган. 1952-1957-жылдары комсомол уюмун жетектеген. К.Жолдошовдун көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, жогорку жетишкендиктери үчүн Москвадагы айыл-чарба жетишкендиктеринин көргөмөсүнө жиберилип, «Урал» мотоцикли менен сыйланган. 1985-жылы 42 жылдык эмгек стажы менен бир «Москвич» автоунаасы берилип, ардактуу эс алууга узатылган. Согуштун, эмгектин ардагери.

Согуштагы эрдиктери үчүн III даражадагы «Великая Отечественная война» орденине, «Победа над Японией», «За боевые заслуги» ж.б. медалдарга татыктуу болгон.

2004-жылдан бери Ош шаарында туруктуу жашап келген.

Бир уул, бир кызды тарбиялап, өстүрүп, 15 небере, 50 чебере, 1 кыбыранын  чоң ата, тай атасы болчу.

Ардагер бүгүн туулуп өскөн айылы Ноокат районунун Шаңкол айылында саат 14:00дө акыркы сапарга узатылат.

 

 

240