7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Актриса Шайыргүл Касмалиева сахна менен коштошту (ФОТО)

1313

КРнын эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 32 жылдык өмүрүн арнаган кайталангыс талант Шайыргүл Касмалиева сахна менен коштошуу кечесин өткөрдү.

Шайыргүл Зарлыковна 1985-1989-жылдары Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алган. 1990-жылы Улуттук театрдын астанасын аттап кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген.

Актриса чыгармачылык жолунда ондогон кайталангыс образдарды жаратып, академиялык театрдын репертурандагы спектаклдердин көркүн ачып келген. Коштошуу кечесине театрдын жамааты катышып, Шайыргүл Касмалиеванын кыргыз театр сахнасына берейин деген көрөңгөсү али көп экенин айтышып, актрисанын чечимине ичтери тызылдаганын жашырышкан жок. Алар кесиптешинин мындан аркы чыгармачылыгына даңгыр жол каалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1314