7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Актёр Нуржаасын Жумагуловго донор табылды

3396

Актёр Нуржаасын Жумагуловго донор табылды. Ал жакында эки бөйрөгүн алмаштыруу үчүн Түркияга барат. Бул тууралуу актёр өзү билдирди.

Анын айтымында, актёрдун апасы жана бөлөсү донор боло алышат.

«Муну Кыргызстанда жасаткан медициналык анализдер көрсөттү. Эми Түркияга барып, ал жактан дагы медициналык текшертүү жасайбыз. Кимисиники көбүрөөк дал келсе ошол донор болот. Буюрса, июль айынын башында үчөөбүз Түркияга кетебиз», — деди Жумагулов.

Ал эки жылдан бери бөйрөк оорусу менен күрөшүп келет. Анын эки бөйрөгү тең жабыркагандыктан учуржа гемодиализ алууда.

Белгилей кетсек, 28-июнда Кыргыз драма театрында актёрго колдоо көрсөткөн кайрымдуулук концерти өтөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3397