7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыйкатчы институтуна кызматтык унаалар тапшырылды

116

Бүгүн, 19-декабрда Акыйкатчы институтуна кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин иш бармалыгы билдирди.

Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын тапшырды.

Аталган автоунаалар өлкөнүн 6 облусундагы Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.

“Бүгүн кызматтык автоунааларды алуу – бул борбордук аппаратта да, аймактарда да ишибизди күчөтүү үчүн маанилүү кадам. Бүгүн тапшырылып жаткан автотранспорт жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, көчмө иш-чараларды кеңейтүүгө жана өлкөнүн бардык аймагында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, — деди акыйкатчы.

Белгилей кетсек, акыйкатчы Жамийла Жаманбаеванын президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунан кийин, институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында автоунааларды сатып алууга 9 миллион сом бөлүнгөн.

117