7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров 30 жаңы техниканы “Кыргыз темир жолу“ ишканасына тапшырды

444

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” Мамлекеттик ишканасына атайын адистештирилген техникаларды тапшырды.
МинКаб башчысы Акылбек Жапаров адистирилген техникалар 196 млн сомго ишканын өздүк кирешесинен алынган белгиледи.
“Өзүбүздүн каражат менен учактарды, аскердик дрондорду жана башка адистештирилген техникаларды сатып алып жатканыбыз өлкө экономикасынын өсүшүнөн кабар берет”-деди ал.
Ошондой эле МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу 2022-жылы Кыргыз темир жолу тарабынан узундугу 186 чакырым болгон “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолун куруунун биринчи этабынын (63 чакырым) Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу башталганын, келечекте бул темир жол Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү темир жолду туташтыраарын билдирди.
Балыкчы-Кочкор темир жолун куруудагы аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугун жана ыкчамдуулугун жогорулатуу жана жумуштарды механикалаштыруу маселесин чечүү максатында сатылып алынган 30 даана адистештирилген техникалар “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин алдындагы “Көпүрө куруу отряды” мамлекеттик ишканасына берилди.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Кыргыз темир жолу дагы 20 чакырым темир жол курууну пландоодо. Жер кыртышы даярдалып, 26 чакырымга чейин суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулган. Мындан сырткары 44-чакырымдагы тилкеде бургулоо-жардыруу иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

445