2024-жылдын 12-майынан он сегизине чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу, президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев менен маек.
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга келиши – өзгөчө окуя, анткени Малайзия эл аралык каржы уюмдардын айтканына көп баш ийбей, өз алдынча саясат жүргүзгөн мамлекет. Өлкөнүн бир топ экономикалык тармактарын кытай же индиялык бизнес ээлегендиктен, өкмөт жергиликтүү малайя элине артыкчылык берет, ошол себептен Батыш мамлекеттери аны улутчул деп эсептейт. Бирок малайя жетекчилиги либералдык эрежелерди толук колдобостон, өз жолун издеген өлкө, ошондуктан Кыргызстан Малайзиянын тажрыйбасынан бир топ нерсени үйрөнсө болот.
Өтүп бараткан аптада Кыргызстанга ар башка мамлекет менен эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү келип кетти, ар башка деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп, келишимдер түзүлдү. Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүүнү улантууда жана акыркы аракеттер – улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саясаттын бир бөлүгү. Мындай саясатка Жогорку Кеңеш дагы өз салымын кошуп жатат. Бул көп тараптуу кызматташууда Кытай менен болгон мамилелер өзгөчө мааниге ээ жана жакын арада чек-арада үчүнчү өтмөк – Бедел дагы ачылат деген үмүттөбүз.
Биздин Академия акимдер жана жергиликтүү бийлик жетекчилери үчүн атайын окуу уюштурдук, анын алдында Көлдө өзүнчө семинар өткөргөнбүз жана жакында ошондой эле көчмө окуу курстарын Ошто дагы ишке ашырууга даярданып жатабыз. Окуудан өткөн акимдер менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолукканда, жыйынга чогулгандардын көзүнчө жасалма интеллект аркылуу бир топ маселелерди кантип чечүүнү көрсөттү жана акимдерге өз ишинде алдыңкы технологияларды кеңири колдонууга чакырды.
Өткөн аптада Жалал-Абадда жаңыланган «Курманбек» стадиону ачылганы дагы мени өзгөчө кубандырды, анткени спорт жөн гана ден соолукту чыңдоо ыкмасы эмес, аны туура пайдаланса, ал – экономака дагы, маданият менен туризм дагы, мамлекет менен жеке бизнес ортосундагы натыйжалуу бизнес дагы, андан тышкары, дипломатия да боло алат. Мындай стадиондор жакын арада өлкөнүн баардык аймактарында курулушу көздөлүп жатат, ал эми Бишкекте – Борбор Азиядагы эң ири стадион куруу пландары бар.
Негизги жаңылыктар:
– 15-16-май күндөрү Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим келип кетти. Анвар Ибрагим менен президент Садыр Жапаров биргелешкен билдирүүгө кол койду.
– Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кечээ күнү жаңы интервью берип, мамлекеттин үлүшү бар ишканалардан алтынды эч ким Кыргызстандан чыгарып кете албайт деп билдирди.
– Экономика министринин орун басары Кубанычбек Ысабековдун айтымында, азырынча 3700 адам мүлкүн легалдаштырды. Мунапыс мөөнөтү жылдын аягына чейин узартылышы мүмкүн.
– Бишкек шаарынын абасын тазалоо үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 50 млн доллар бөлгөнүн президент жактырды.
– Мурдагы премьер Чудиновду энергетика министри Таалайбек Ибраев кызматка дайындады эле, президент ал дайындоону жокко чыгарды.
– Бишкектин Свердлов районунун акими болуп 41 жаштагы Кубанычбек Айтакунов дайындалды.
– Бишкек мэриясынын кызматкерлери жумасына кеминде 2 күн коомдук унаа менен жүрүүгө милдеттендирилди.
– Бишкекке Бириккен улуттардын баш катчысынын орун басары, БУУнун Контртеррордук башкамалыгынын жетекчиси Владимир Воронков келип, Садыр Жапаров менен жолукту.
– Кечээ күнү кечинде Бишкекке Кытайдын вице-премьери Лю Гочжун келди, ал кыргыз бийликтери менен Бедел чек-ара өтмөгү тууралуу сүйлөшмөкчү.
– Кыргыз-кытай чек-арасында Бедел ашуусунда өтмөк куруу иштерин изилдөө башталды, ашуу 3500 метр бийиктикте, ал аркылуу келечекте Барскоон – Үчтурпан – Аксы жолу салынышы мүмкүн.
– Кыргызстанга Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириелли жетектеген парламенттик өкүлчүлүк келип кетти.
– Жогорку кеңештин спикери Нурлан Шакиев кечээ күнү Австрияда улуттук жыйындын спикери Вольфганг Соботка менен жолукту.
– Мажарстандын элчилиги Бишкекте суу маселелери боюча Кыргыз-мажар форумун өткөрдү.
– 16-май күнү Түштүк Кореянын Инчхон шаарынан келип Бишкектин «Манас» аэропортуна конгон учак Хорватиянын Загреб шаарына учуп кетти. Мындай транзиттик каттам эми жумасына 3 жолу болуп турат.
– 13-майдан он алтысына чейин Башкаруу академиясында акимдер жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилеринин адистик деңгээлин жогорулатуу боюнча окуу болуп өттү, бүтүрүүчүлөрдү 16-май күнү Акылбек Жапаров кабыл алды.
– Акылбек Жапаров – курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында бала-бакча пландоо тууралуу тапшырма берди.
– Бишкек мэринин буйругу менен Ататүрк паркын 1992-жылдагы чегине кайтаруу боюнча соттук иштерге даярдыктар көрүлө баштады.
– Прокурорлордун аракети менен Маевка айылында жеке менчик колго мыйзамсыз өтүп кеткен жана баасы 51 млн сомдон ашык 11 га жер мамлекетке кайтарылды.
– Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы көлөмдөн ашты жана азыр суунун кириши чыгашадан 9 эсе көп болууда.
– Бегалы Наргозунун «Жылкычы чымчык» деген тасмасы Франциянын Ницца шаарында өткөн эл аралык фестивалда баш байге утуп алды.
– Режиссёр Руслан Акундун «Бейиш – эненин таманында» деген фильми Москвадагы «Туура кино» деген үчүнчү эл аралык фестивалда гран-при алды.
– 15-май күнү Жалал-Абадда «Курманбек» стадиону оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди жана футбол боюнча биринчи оюн өткөрүлдү. Анын ачылышана Камчыбек Ташиев дагы барып, сөз сүйлөдү.
– Электр энергиясы үчүн тарифтер жогорулагандыктан, мамлекеттик казынага бир жылда 3,5 млрд сом түшөт деп энергетика министринин орун басары билдирди.
– 13-май күнү президент омбудсменди кабыл алып, адам укуктарын коргоо багытында көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
– «Сезим» кризистик борборунун жаңы аткаруучу директору болуп Атыр Абдрахматова шайланды, Бүбүсара Рыскулова борбордун ардактуу президенти болду.
– Жазуучу жана журналист Олжобай Шакирди 14-май күнү Аламүдүн райондук соту 5 жылга эркинен ажыратууга кести.
– Акын Аскат Жетигендин иши Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүп берилди, ал дагы бийликке баш ийбөө жана башаламандыкка чакыруу беренелери менен айыпталууда.
– Түндө Бишкекте жергиликтүү жаштар менен чет өлкөлүктөр ортосунда кагылышуу чыгып кете жаздады, милиция ага жол берген жок, Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам бүгүн Тышкы иштер министрлигине чакырылды.
– Бүгүн Бишкек музейлеринде саат 12ден 22ге чейин «Музей түнү» өткөрүлүүдө.
– Салык кызматы «Салык төлөөчүлөрдүн рейтингин» тузүүнү пландап жатат, ал үчүн Евразиялык өнүгүү фонду бир млн 400 миң доллар бөлүп берүүгө даяр.
– 16-май күнү Улуттук университетте кызмат жарманкеси өткөрүлүп, 4 миңге жакын кызмат орундары сунушталды.
– Ысык-Көл облусунда «Каркыра» деген ден соолукту чыңдоо борбору курула баштады, анын жалпы баасы 191 млн доллар.
– Укук министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, 1590 кыргыз жараны азыр чет мамлекеттердин абактарында кармалууда, алардын дээрлик жарымы – Орусияда.
– Бишкек менен Чүй облусунда 3 нарколаборатория табылып, баңгизат саткан Gangzilla деген интернет-дүкөн дагы табылып-жабылды.
– Саламаттык сактоо министринин айтымында, жыл сайын өлкөдө үчтөн 5 миңге чейин адам онкология менен ооруйт, алардын үчтөн бири – балдар. Ак кандуулук менен ооруган 250 бала азыр операцияга муктаж.
– Кувейттен келген дарыгерлер 13-майдан 16сына чейин Кыргызстанда жаш балдарга бекер операция жасады.
– Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү болуп пакистандык Навид Хасан Наквинин ордуна британиялык Хью Ренделл дайындалды.