7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Абу-Дабиге иш сапары менен барды

163

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Даби шаарына барганын министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров иш сапарынын алкагында Соода жана өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен Абу-Дабиге келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

164