Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Россиядан Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Тик учак ӨКМДин балансына өткөрүлдү. Анда адамдарды эвакуациялоо же куткаруу үчүн бардык керектүү жабдуулар бар.
«Тик учак бардык аппараттары менен алынды. Лебедка, кычкылтек аппараты, медициналык модуль, өрт өчүрүүчү шайманы, жүргүнчү отургучтары, эки капталында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүүрөөк кыймылдаткыч коюлган», — деди Орунбеков.
Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар жаңыланууда.