7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров балык чарбаларынын иши менен таанышты

500

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Ата жана Панфилов райондорунда жайгашкан балык чарбаларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымтка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы инкубациялык цехти, форель чабактарын өстүрүүчү бассейндерди жана балык питомнигинин башка бөлүктөрүн көрүп чыкты.

Ошондой эле ага форельден жасалган даяр продукция да көрсөтүлдү.

Балык чарбаларынын иши менен таанышуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү ата мекендик балык тармагын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашты.

Өндүрүүчүлөр бизнес жүргүзүүдө пайда болуп жаткан кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору тууралуу айтып беришти.

Акылбек Жапаров жергиликтүү балык түрлөрүнүн санын жана осетр балыктарынын икраларын өндүрүүнү калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга катар Министрлер кабинетинин башчысы «Аква сервис» компаниясынын өкүлдөрү тарабынан сунушталып жаткан сууда чарба жүргүзүү борборун түзүү боюнча долбоорлорду колдоорун билдирди, анда Жалал-Абад областындагы Токтогул суу сактагычынын бассейнинде балык чарбасын жүргүзүү жана осетр балыктарды өстүрүү боюнча окуулар өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

501