7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров баш болгон Кабминдин кызматкерлери Раззаковдун эстелигине гүл коюшту

885

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басарлары Бишкек шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду.  Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Исхак Раззаков – Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүсүнө зор салым кошкон белгилүү замандаштарыбыздын катарына кирет.

Акылбек Жапаров билдиргендей, Исхак Раззаков өз өлкөсүнө жана элине ак ниет жана берилүү менен кызмат өтөөнүн жаркын үлгүсү боло алат, ал эми анын аты өлкөнүн тарых барактарында сакталат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленүүдө. Ал 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын биринчи катчысы кызматын ээлеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

886