7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Баткендеги жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды

501

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды.

Кызматтык унаалар Баткен облусунун Кадамжай районунун акими, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаар башчыларына берилди.

“Сиздерге жаңы кызматтык унааларды тапшырып жатып, Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасын эсиңиздерге салам. Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер. Ошондой эле кызматтык унааларга GPS системасы орнотулду, көзөмөлдө болот. Өзгөчө статусу болгон Кадамжай району, Сүлүктү, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарлары үчүн унааларды өзүм тапшырып жатам, ал эми башка аймактардагы жетекчилерге дагы берилүүдө. Күлүгүңүздөр кут болсун!”, — деди Акылбек Жапаров.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн чет элдик “Chevrolet Captiva” үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кызматтык унаалар республика боюнча жаңыланып жатканын билдирди.

“Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен кызматтык унааларды жаңылап жатабыз. Мурдагы эски техникалардын айрымдарын пайдалануу мүмкүн болбой калган. Колдонууга кеткен каражатка караганда оңдоого кеткен чыгым көп болчу”- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

502