7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров: Биз бардык адамдарды жакырчылыктан чыгарабыз

528

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында соода түзүмдөрүнүн, ири базарлардын, менчик ээлеринин, соода кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү менен жооптуу мамлекеттик органдардын жыйыны өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, белгилүү бир күчтөр маалыматтын жетишсиздигинен пайдаланып, соодагерлерди тукуруу аракетин көрүүдө.

«Базар экономикасынын жана капиталды алгачкы топтоо доору өтүп жатат. Мамлекет азыр эл үчүн иштейт, колунда барлардын жана коомду паракорлоштуруп, жазасыз калган “тар топтун” кызыкчылыгына кызмат кылбайт. Өкмөттүн бардык кирешелери кимдир бирөөнүн жеке чөнтөгүнө эмес, жаңы инфраструктураны курууга жана жарандардын жашоосун жакшыртууга жумшалаарын буга чейин көргөн элдин бийликке болгон ишеними күчтүү. Биз жакырчылык менен күрөшөбүз жана бардык адамдарды жакырчылыктан чыгарабыз. Байлар дагы да байып, кедейлер кедей болуп кете берүүсү мүмкүн эмес. Биз үй-бүлөсүн багуу үчүн иштеген бардык чынчыл адамдарды коргойбуз жана жардам беребиз. Биз алар тараптабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, соодагерлерди ашыкча түйшүктөн арылтуу үчүн эки жуманын ичинде электрондук эсеп-фактураларды жана жол баракчасын иштетүүнү мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

529