7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров: Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек. Салыктар – бул «жакшылык айлампасы»

577

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кеңейтилген коллегиясына катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга карата пландары каралды.

«Учурда 65 миңден ашык ишкер субъектилер контролдук-кассалык аппараттарды колдонот. Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек. Салыктар «жакшылык айлампасы» деп аталат, анткени каражаттар андан ары эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды көтөрүүгө, инфраструктурага, экономиканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукту чыңдоого инвестиция салууга жумшалат. Салыктарды чогултуу 2022-жылы жөлөкпулдардын 2 эсеге көбөйтүлүшүн, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну камсыз кылды. Бул чек эмес – калкты социалдык жактан колдоо боюнча иштер улантылат», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы бир катар тапшырмаларды берип, үстүбүздөгү жылы фискалдык органга чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн, анда консолидацияланган бюджеттин көлөмү 503 млрд сом өлчөмүндө бекитилгендигин белгиледи.

Ошондой эле коллегиянын жыйынтыгы боюнча салык кызматынын бир катар кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылып, аймактарда иштеген фискалдык органдын айрым өкүлдөрүн кызматтан төмөндөтүү сунушталып, ал эми бир катар кызматкерлерди ээлеген кызматынан бошотуу мүмкүндүгү каралмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578