7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров: Жакында Бишкек шаарына 2000 автобус ишке киргизилет

786

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчылар калкты коммуналдык жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, жакынкы арада Бишкек шаарында Президенттин тапшырмасы менен 2000 автобус техникасы ишке киргизилет. Азыркы учурда транспортту жеткирүүчүнү аныктоо маселеси чечилип жатат.

Өз кезегинде Аскар Мамин бул долбоорду ишке ашырууга даяр экенин билдирип, Казакстанда чыгарылган электр автобустары үнөмдүү, коопсуз жана колдонууга бышык экенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

787