Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарында “Кант ТШИ” (труба-шифер ишканасы) заводунун жаңы линиясынын имаратынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика” заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
“Кант ТШИ” заводунун кеңейишине катышкан МинКаб төрагасы Жапаров, Кыргызстан сырьёлук базага — кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит ж.б. курулушка керектүү байлыктарга ээ экенин айтып, жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөөрүн, заводдон чыкчу продукциялар өзүбүз үчүн абдан зарыл болоорун жана “Кант ТШИ” заводун модернизациялоого, кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, “Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 млн АКШ долларын түзсө, анын 8,5 млн АКШ долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат жана өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 млн сомдон ашуун киреше түшөт.
Акылбек Жапаров ошондой эле, “Асыл таш” керамика” заводунун курулушуна капсула салып жатып, 7 млндон ашкан өлкө калкынын 60%ын жаштар түзөөрүн, мына ошол жаштарга ушундай завод-фабрикаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүү, экономика түзүүчү ишканаларды ачуу, колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп жатканын белгиледи.
“Асыл-Таш” керамика” заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Завод ишке киргенден тартып 300гө жакын адам жумуш оруну менен камсыз болот. Жумушчулардын 70-80% жергиликтүү элден алынып, калганы инженерлер, технологдор, программисттер ж.б. адистер болот. Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 млн АКШ долларын түзсө, анын 25 млн долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.
Жапаров, завод-фабрикалар менен ишканалар бардык техникалык, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен курулуп, иштетилиши керектигин баса белгиледи. Ал эми мамлекет тарабынан өлкө бюджети үчүн салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн ата мекендик ишканалар өзгөчө колдоого алынаарын билдирди.