7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга шарт түзүү керек

757

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы аркылуу бекитилген Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу чакырылган Максат Айылчиев, Сүйүмкан Токтобаева жана Керезбек Рысалиевдер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров белгилегендей, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата мамиле коомдун жетилгендигинин көрсөткүчү болуп саналат.

Ал ар бир адамдын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды түзүү – мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин кошумчалады.

«Албетте, бул мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да тиешелүү. Биз ар бир ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашоонун бардык чөйрөсүндө, анын ичинде спортто, чыгармачылыкта, искусстводо жана мамлекеттик иштерде өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра ала тургандай шарттарды түзүүбүз керек», — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Жапаров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн ай сайын берилүүчү социадык жөлөк пулдардын өлчөмү 100%га жогорулатылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мамлекет мындан ары карай майытуулугу бар жактар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча иш алып барат, буга катар келечекте социалдык жөлөк пулдарды жогорулатуу маселеси каралмакчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

758