Москва районунун Садовое айылынын Восточная көчөсүндө ачык аянтта жыйналган 500 түк саман жана 2 чоң бак күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө Москва райондук №15 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.
Өрт саат 11:39да чектөөгө алынып, 13:50дө толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби: жаш балдардын от менен ойноосу.