БШК мүчөсү Кайрат Маматов УКМКда суракка алынды. Бул тууралуу маалыматты өзү тастыктады.
Кайрат Маматов мамлекеттик “Айыл банктагы” коррупциялык иш боюнча күбө катары суракка алынганын белгиледи. Ал 2013-2019-жылдары бул каржы мекемесинин директорлор кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.
«Буга чейин бардыгын Каржы полициясы иликтеген. Мен ар дайым жардам берип келгем жана азыр да даярмын. Бирок белгилеп кетким келет, «Айыл Банкта» иштебей калганыма үч жылдын жузү болду. “Кредиттер берилгенден кийин башкаруу” деген түшүнүк бар. Буга азыр ошол жерде иштегендер жооп берет. Бул банктык мыйзамдарга ылайык келет”,- деп түшүндүрдү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Айыл Банктагы» коррупция боюнча иликтөө иштерин баштады. Өткөрүлбөгөн мүлктү күрөөгө коюп, айрым компанияларга мыйзамсыз жана туура эмес насыя берүү фактылары тастыкталганы маалым болду.